Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-марты № 125
2025-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, жарандардын райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу жаатындагы мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарын тандап текшерүү үчүн тиркемеге ылайык курамда Республикалык чакыруу комиссиясы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтүүнүн алдында аларды контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы топтоо пункттарын врач-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
2) ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулатордук) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 2025-жылдын март-майында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугу болбогон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Урманбетов Уланбек Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы; |
Далиев Уланбек Эшенович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Болоталиева Аида Болоталиевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
Джабаров Нематжан Ганиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү; |
Акылбеков Нурланбек Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Токушов Сардарбек Акматсултанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Назаралиев Азамат Автандилович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Алымбаев Мырзабек Муканбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Муратов Абдумалик Эргешович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик бейтапканасынын врач-невропотологу; |
Матазов Бакыт Абдылдаевич | - | Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын врач-урологу; |
Токторалиев Закир | - | Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын врач-терапевти; |
Саламов Сабыр Саламович | - | Кадамжай шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-отоларингологу; |
Ташмамбетова Гульмира Болотбековна | - | Балыкчы шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-терапевти; |
Момбекова Нургул Аскаровна | - | Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору. |
Резерв: | ||
Жээнбеков Накен Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарындагы топтоо пунктунун башчысы; |
Мамадиев Тургунбай Абсаттарович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаарындагы топтоо пунктунун башчысы; |
Маматеминов Советбек Маматкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы топтоо пунктунун башчысы; |
Халмурзаев Марат | - | Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын врач-отоларингологу; |
Маматов Алишер | - | Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын врач-хирургу; |
Исмаилов Нуридин Эркинжанович | - | Кадамжай шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун врач-хирургу; |
Керимова Кулумкан Бозумбаевна | - | Балыкчы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти; |
Болоткан уулу Насыр | - | Талас облустук бириккен ооруканасынын директорунун орун басары. |