Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №01-5/16
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2024-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчетун угуу жана бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын 2024-жыл аралыгында жергиликтүү бюджетинин, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышынын отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2024-жыл аралыгында жергиликтүү бюджетинин жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматтын, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А. Абдуразаков |