Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №01-5/17
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын
2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин
болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитип берүүгө жазган кайрылуусу боюнча шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесин жетекчиликке алып токтом кылат:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин кирешесинин жана чыгашасынын болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй суммада белгиленип бекитилсин:
- 2026-жылга- кирешеси 253 109 300сом суммасында, чыгашасы 253 109 300 сом суммасында;
- 2027-жылга- кирешеси 283 898 300сом суммасында, чыгашасы 283 898 300 сом суммасында.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А. Абдуразаков |