Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №01-5/19
Жалпы дарыгердик практика борборунун үч кабаттуу
имаратына лифт орнотуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, Кочкор-Ата Жалпы дарыгердик практика борборунун үч кабаттуу имаратына лифт орнотууга түзүлгөн 3 524 992сомдук долбоорун приоритеттүү деп табууга жана Ноокен райондук фондуна сунуштап, жалпы сумманын 11% жергиликтүү бюджеттен өздүк салып катары бөлүп берүүнү сураган кайрылуу катынын негизинде түзүлгөн шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун үч кабаттуу имаратына лифт орнотууга түзүлгөн жалпы суммасы 3 524 992 (үч миллион беш жүз жыйырма төрт миң тогуз жүз токсон эки) сомдук долбоору приоритеттүү деп табылсын жана Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3. Долбоордун жалпы суммасынын 11%ы 400 000 (төрт жүз миң) сому жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоону шаардын мэри А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А. Абдуразаков |