Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
4 сессиясынын
2025-жыл 27-январындагы №1
Мүлк салыгынын айыл чарба багытындагы эмес
жер салыктын аймактык коэффициентин
кайрадан бекитип берүү жөнүндө
2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын № 4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин 388-беренесинде белгиленген боюнча аймактык коэффициентин көтөрүү боюнча сунушун угуп жана талкууулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын 4-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесини 3,4-пунктуна жана 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, мүлк салыгынын айыл чарба багытында эмес жер салыгынын аймактык коэффициентин 1,5 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мүлк салыгынын айыл чарба багытында эмес жер салыгын өндүрүү жагы салыкчы Б. Мураталиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
И. Абдразак уулу |