Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
кезексиз I сессиясынын
2024-жыл 27-декабрындагы №1
Жергиликтүү III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо,
уюштуруу жана өткөрүү күнүн бекитүү
жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Жарлыгынын негизинде 2022-жылдын 20-декабрында өтүүчү III Элдик Курултайга айыл аймагындагы Элдик Курултайдын делегаттарды шайлоо, уюштуруу жөнүндөгү жобону бекитип берүү максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 1-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү № 271 Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Момбеков айыл аймагынын калкынын саны 17359 (он жети миң үч жүз элүү тогуз) сом болгондугуна карата жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 100 (жүз) адам ченеминде бекитилсин.
3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тиешелүү аймактарды бөлүктөргө бөлүү ченемдери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Чек айылы – 14 (он төрт) адам
Жазгак айылы – 17(он жети) адам
Момбеков айылы – 23 (жыйырма үч) адам
Бостон айылы- 13 (он үч) адам
Курулуш айылы -24 (жыйырма төрт) адам
Жаңы-Кыштак айылы – 6 (алты) адам
Эски Кочкор-Ата айылы – 3 (үч) адам
4. Кезектеги III Элдик Курултайга жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылда жыйындарды өткөрүү, уюштуруу№ 1 тиркемеге ылайык иш-чара бекитилсин.
5. Кезектеги III Элдик Курултайга жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кезектеги III Элдик Курултайга жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана орду жөнүндө расмий маалыматтарды жарялоо айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
7. Кезектеги III Элдик Курултайга жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча уюштуруу иштерине жооптуу болуп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчысы З.Тиллабаев бекитилсин.
Төрага |
И. Абдразак уулу |
Тиркеме № 1
Момбеков айылдык кенешинин
кезексиз 2-сессиясынын
2024-жылдын 27- ноябрындагы
№ 1 токтому менен бекитилген
Кезектеги III Элдик Курултайга жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылда жыйындарды өткөрүү, уюштуруу боюнча иш-чара
п/п
| Калктуу конуштардын аталышы | Кожолуктун саны | Калктын саны | Көрсөтүлүүчү делегаттардын саны | Делегатты көрсөтүү үчүн жыйын өткөрүлө турган убактысы | Жыйынга жооптуу айылдык кеңештин депутаттары |
1 | Чек айылы | 362 | 2450 | 14 | 04.12.2024-ж Сш № 23 саат 10.00 | Кыдыралиев Арген |
2 | Жазгак айылы | 441 | 2927 | 17 | 04.12.2024-ж Сш № 34 саат 13.00 | Сыдыков Тайир |
3 | Момбеков айылы | 632 | 3954 | 23 | 04.12.2024-ж Момбеков ДК саат 15.00 | Төлөмурзаев Марат |
4 | Бостон айылы | 354 | 2243 | 13 | 05.12.2024-ж Сш № 44 саат 10.00 | Макибаев Тагдыыр |
5 | Курулуш айылы | 578 | 4152 | 24 | 05.12.2024-ж Сш № 16 саат 14.00 | Аблакулов Медер |
6 | Жаңы Кыштак айылы | 195 | 1065 | 6 | 05.12.2024-ж Сш № 16 саат 14.00 | Каримов Акылбек |
7 | Эски Кочкор-Ата айылы | 60 | 321 | 3 | 05.12.2024-ж Сш № 44 саат 10.00 | Стамов Нургазы |
| Жалпысы : | 2622 | 17112 | 100 |
|
|
Тиркеме № 2
Момбеков айылдык кенешинин
кезексиз 2-сессиясынын
2024-жылдын 27- ноябрындагы
№ 1 токтому менен бекитилген
Кезектеги III Элдик Курултайга жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
- Абдыразак уулу Ислам – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
- Ж Юлдашева - айылдык кеңештин катчысы – жумушчу топтун катчысы;
Мүчөлөрү:
- Айылдык кеңештин депутаты жеринде;
- Айыл өкмөтүнүн айыл башчылары жеринде;
- Коомдук уюмдар;