Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
4 сессиясынын
2025-жыл 27-январындагы №4
Бостон айылындагы сел каналга дал келген 0,81 га үлүш жерин айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерине которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин Өзгөчө кырдаалга МЖБДнын бөлүмүнүн Ноокен районунун аймагындагы табыгый процесстер менен кубулуштар күтүлүүчү жерлерде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2024-жыл 27-июнундагы № JAL-95 сандуу корутундусунун негизинде жер ресурстары боюнча башкы адиси Б.Жакыбалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкууулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын 4-сессиясы токтом кылат:
1. Жер ресурстары боюнча башкы адиси Б. Жакыбалиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Бостон айылындагы сел каналга дал келген жер аянтын улуш ээлерини макулдугунун негизинде Момбеков айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлери категориясынан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен № 158 контурунан жалпы 0,81 га сугат айдоо жер аянты, Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которулуусуна (трансформациялоого макулдук берилсин).
3. Муктаждык жаралгандыктан Сел каналга дал келген Бостон айылынын тургундарынын үлүш жерлери Таштак участкасындагы айыл чарба жерлеринин мамалекеттик фондунун жеринен кампенсацияланып, үлүш катары жер аянты ажыратылып берилсин.
4. Үлүш ээлерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен жер аянтын тактап, ажыратып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары кадастр, геодезия, картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ноокен филиал менен биргеликте комиссия курамына милдеттендирилсин.
5. Жер аянттарын которууга (трансформациялоого) тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы райондук архитектура жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары кадастр, геодезия, картография боюнча мамлекеттик агенттигинин суралсын.
6. Токтомду бекитип берүү жагы Ноокен райондук мамлекеттик админисрациясынан суралсын.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага |
И. Абдразак уулу |