Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-августу №37/VII
Жер участогун ɵткɵрүп берүүгɵ макулдук берүү жɵнүндɵ
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 28-августундагы №4216 «Жер мунапысынын 2024-жылдын 22-августундагы №76 протоколуна ылайык, Нурманбет айыл аймагында жайгашкан №11 контурдун аянты 0,20 га түзгɵн жер тилкеси боюнча айылдык кеңештин кароосуна жогорудагы жер тилкесин киргизүүнү жана кошумча материалдар катары макулдугун алуу жɵнүндɵ» катын карап чыгып жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагында 11-контурундагы 0,20 га «жайыт» түрүнɵ кирген жер тилкесин жер мунапыс объектисин «калктуу конуш жерлеринин» түрүнɵ которуу (трансформациялоо) боюнча кароого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жер мунапыс боюнча комиссиясына жиберилсин
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн жер маселеси боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевге жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |