Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу №38/VIII
Айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча максаттуу
трансферттердин түшүүсүнɵ байланыштуу сметалык чегерүүлɵрдү
кɵбɵйтүү жɵнүндɵ
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.А. Уметалиевдин «Айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча максаттуу трансферттердин түшүүсүнɵ байланыштуу сметалык чегерүүлɵрдү кɵбɵйтүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча максаттуу трансферттердин түшүүсүнɵ байланыштуу сметалык чегерүүлɵрдү кɵбɵйтүү 70823 - бɵлүмүнүн 3112 – беренесинен – 1139,0 млн. сом акча каражаты Красная Речка айылындагы А.Муфтиев атындагы маданий үйүнɵ жана Нурманбет айылындагы А.Жумахматов маданий үйүнɵ пардалар жана жалюзи сатып алынсын.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.А. Уметалиевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |