Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 27 февралындагы № 5
Жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасынын №11-жол тейлөө ишканасы филиалынын директору А.Дыйканов, Алтын-Арашан айыл өкмөтүнө караштуу №11-жол тейлөө ишканасына, 2025-жылга таш талкалоочу “Дробилка” заводун жана “Асфальт-бетон” аралашмасын чыгарууга заводун куруу иштерин мерчемделүүдө, аталган заводту иштетүүдө кум-шагыл үчүн 2.0га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча, кайрылуусун карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергилктүү Кеӊеш токтом кылат:
1. Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасынын №11-жол тейлөө ишканасына, “Дробилка” заводун жана “Асфальт-бетон” аралашмасын чыгарууга заводко 0,90 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берет.
2. Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев