Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу №39/VIII
Дем берүүчү гранттардын эсебинен долбоорду ишке ашырууга өз салымын
бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.А. Уметалиевдин «Красноречка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы №31/VII токтомуна ылайык Красная Речка айылынын көчөлөрүн асфальттоо долбоорун ишке ашырууга өз салымын бекитүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Дем берүүчү грантты ишке ашыруу максатында Панфилова – Школьная – Ворошилова кɵчɵлɵрүн асфальтоо үчүн 70629 - бɵлүмүнүн 3111 – беренесинен – 3 704 848,5. сом акча каражаты бекитилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.А. Уметалиевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |