Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
II сессиясынын
2025-жыл 24-январындагы №2/15
Жаңыдан курулган тѳрѳт үйүнүн аталышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн «Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө» токтомунун жобосуна ылайык, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн Чокмор айылынын жашоочуларынын сунуш каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл ѳкмѳтүнүн, Чокмор айылында жаңыдан курулуп бүткѳрүлгѳн тѳрѳт үйүнүн аталышына, “Баатыр эне Ташиева Алима” эненин атын берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Жаңыдан бүткѳрүлгѳн тѳрѳт үйүнѳ “Баатыр эне Ташиева Алима” атын ыйгарууга керектелүүчү иш кагаздарын даярдоону жана тийиштүү мекеме, ишканаларга каттатууга жѳнѳтүүнү Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, социалдык маселелер билим берүү, спорт жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С. Зайнабидиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |