Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-марты № 119
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин дайындоо тартибин аныктоо максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарда:
- 4-пункт "кызмат ордуна" деген сөздөрдөн кийин "(маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчисинин кызмат ордун кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
- жогорку кесиптик билим;
- окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын (илимдин кандидаты/PhD доктору, доцент) же маданият жана искусство жаатындагы Кыргыз Республикасынын ардак наамынын болушу;
- "улуттук" деген статусу бар ЖОЖдун жетекчиси үчүн илимдин доктору окумуштуулук даражасынын же маданият жана искусство жаатындагы Кыргыз Республикасынын ардак наамынын болушу;
- 5 жылдан кем эмес илимий же педагогикалык иш стажы.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 18 (3674) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |