КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-августундагы № XXIX/7-20
“Кызыл-Октябрь айылында спорт комплексин куруу үчүн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу маселесин кароо жөнүндө”
Жаштардын жана айыл тургундарынын кайрылуусун карап, талкуулап. Кызыл-Октябрь айылынын аймагына спорт комплексин куруу зарылдыгы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин . 4-б, 4-пункт, 18-б 3-пунктун жетекчиликке алуу менен
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер комиссиясы Кызыл-Октябрь айылынан спорт комплексин куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыгышсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы спорт комплексин куруу үчүн жер участогун муниципалдык менчикке (мөөнөтсүз пайдаланууга) кабыл алуу иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Асанов Т.А. жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.М. Кочоров |