Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-февралы № 1
Чаек айылынын борборундагы жаңы ажааткананын иштөө графигин, тарифин жана штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Чаек айылынын борборундагы жаңы ажааткананын иштөө графигин, тарифин жана штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Чаек айылынын борборундагы жаңы ажааткананын иштөө графиги, тарифи жана штаттык бирдиги төмөндөгүдөй бекитилсин.
1) иштөө графиги саат 9.00 дөн 20.00 чейин, дем алыш күнү 10.00 дөн 17.00 гө чейин.
2) киши башына 10 сом.
3) штаттык бирдиги – 1 адам.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага |
А. Муталиев |