Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 17-февралы ПЖ № 53
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 88 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобонун 94-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 15-августундагы № 195 "Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Жалал-Абад облусу боюнча:" деген бөлүмдө "Махалеева Тамара Захирияевна" деген сөздөр "Макалеева Тамара Зикирияевна" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-майындагы № 121 "Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 199-пунктчасында "Джолдошева" деген сөз "Джолдошова" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы № 137 "Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 1027-пунктчасында "Абдылдаевна" деген сөз "Абдылаевна" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы № 138 "Республиканын көп балалуу энелерин "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
70-пунктчада "Хаджимуртова" деген сөз "Хаджимуратова" деген сөзгө алмаштырылсын;
594-пунктчада "Айгуль" деген сөз "Айгүль" деген сөзгө алмаштырылсын;
629-пунктчада "Сейитказиевна" деген сөз "Сейтказиевна" деген сөзгө алмаштырылсын;
674-пунктчада "Нарзира" деген сөз "Наргиза" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын курамын, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин сыпаттамасын, техникалык мүнөздөмөлөрүн жана эскизин жана күбөлүгүнүн сыпаттамасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинин бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Доолоткелдиева Тинатин - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономия жана токой чарба факультетинин өсүмдүктү коргоо борборунун башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;".
6. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул Жарлыктын 1-пункту 2011-жылдын 15-августунан тартып күчүнө кирет деп;
- ушул Жарлыктын 2-пункту 2018-жылдын 16-майынан тартып күчүнө кирет деп;
- ушул Жарлыктын 3, 4-пункттары 2023-жылдын 26-майынан тартып күчүнө кирет деп;
- ушул Жарлыктын 5-пункту 2024-жылдын 21-октябрынан тартып күчүнө кирет деп.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 20 (3676) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |