Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-февралы № 2
“Чаек” муниципалдык ишканасынын таза суу бөлүмүнүн 2025-жылга карата эсептегичи жок болгондугуна байланыштуу көзөмөлү жок таза суу пайдаланып жаткан кафелерден, чач тарачтардан, дүкөндөрдөн, машина жуучу жайлардан, мейманканалардан, мончолордон суу акысын төлөтүү боюнча тарифине макулдук берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-жана 34-беренесининнегизинде “Чаек” муниципалдык ишканасынын таза суу бөлүмүнүн 2025-жылга карата эсептегичи жок болгондугуна байланыштуу көзөмөлү жок таза суу пайдаланып жаткан кафелерден, чач тарачтардан, дүкөндөрдөн, машина жуучу жайлардан, мейманканалардан, мончолордон суу акысын төлөтүү боюнча тарифине макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-жана 34-беренесинин негизинде, “Чаек” муниципалдык ишканасынын таза суу бөлүмүнүн 2025-жылга карата эсептегичи жок болгондугуна байланыштуу көзөмөлү жок таза суу пайдаланып жаткан кафелерден айына 1500 (бир миң беш жүз) сомдон, чач тарачтан айына 1000 (миң) сомдон, дүкөндөрдөн айына 300 (үч жүз) сомдон, машина жуучу жайлардан айына 2000 (эки миң) сомдон, мейманканалардан айына 1000 (миң) сомдон, мончолордон айына 2000 (эки миң) сомдон суу акысын төлөтүү боюнча тарифине макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага |
А. Муталиев |