Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-февралы № 3
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/329 буйругуна ылайык Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш планын бекитип берүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/329 буйругуна ылайык Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш планы өзгөртүү, толуктоолору менен бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
А. Муталиев |