Редакцияот 18.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИНТЕРНАЦИОНАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023 жылдын 13-марты №112/28-13

Ижаранын акысын бекитүү жөнүндө

 

Айыл аймагынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 123 Мыйзамынын 27,34-беренелерине ылайык

 

Интернационал айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында кум-шагыл аралашмасын иштетүүгө берилген айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн 1 гектарга 35 000 (отуз беш миң) сом өлчөмүндө ижара акысы белкитилсин.

2. Интернационал айыл өкмөтүнүн башчысы жер тилкелерин 2 жылдык мөөнөткө ижарага берүү келишимин түзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн

 

 

Интернационал айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

 

С.М. Чекиров