Загрузка документа…
ИНТЕРНАЦИОНАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022 жылдын 17-октябры №82/28-9
Интернациональное айылындагы
жаңы участоктордун курулуш планын бекитүү
“Интернациональное айылдагы №165-контурунда жетим балдарга үй куруу үчүн жер тилкесин түзүү” № 116221007GBYZ02000, 2022-жылдагы Жер участогу планынын негизинде
Интернационал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Интернационал айылындага Пионерская көчөсүндөгү 1а, 1б, 1в, 1г, дареги боюнча жайгашкан, аянттары 500 кв.м, 4 жер тилкесинин курулуш планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынан менчик укугун белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Интернационал айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Камчыбековго жүктөлсүн.
Интернационал айылдык кеңешинин төрагасы
|
А.А. Аскаров |