Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 12-марты № 53
2024-жылдын 8-октябрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу
1- берене
2024-жылдын 8-октябрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенция ратификациялансын.
2- берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Конвенциянын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 20 (3676) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 5-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |