Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521, 2025-жылдын 23-октябрындагы № 694 , 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бирдиктүү жаза аткаруу системасынын (мындан ары - ЖАС) ишинин маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларын камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) ишинин тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521 токтомунун редакциясына ылайык)
2. ЖАМК - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, ЖАСка кирет, укук коргоо органы болуп саналат, уюштуруу-укуктук формасы боюнча - мекеме.
3. ЖАМК өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. ЖАМК өзүнүн ишин түздөн-түз жана (же) өзүнүн органдары жана бөлүмдөрү, ошондой эле ЖАСтын ишин камсыз кылуу үчүн атайын түзүлгөн ишканалар жана мекемелер аркылуу жүзөгө ашырат.
41. ЖАМК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо уюштуруучунун, акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 694 токтомунун редакциясына ылайык)
5. ЖАМК өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.
6. ЖАМК юридикалык жактын укуктук жөндөмдүүлүгүнө ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык ачылган эсептери бар.
7. ЖАМК өзүнө бекитип берилген мүлктү мыйзамдарда белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу укугун жүзөгө ашырат, ошондой эле аны сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрөт.
8. ЖАМКнын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы";
- расмий тилде: "Государственная служба исполнения наказаний при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
ЖАМКнын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЖАМК";
- расмий тилде: "ГСИН";
9. ЖАМКнын юридикалык дареги: 720021, Бишкек шаары, С.Ибраимов көчөсү, 106.
2-глава. Милдеттери
10. ЖАМК өз компетенциясынын чегинде төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) мыйзамдарга ылайык соттордун чечимдеринин аткарылышын жана жазаларды өтөөнү жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн башка чараларын камсыз кылат;
2) кылмыш жасоого шектүү жана күнөөлүү деп кармалган адамдарды (мындан ары - камактагылар) мыйзамдарга ылайык камакта кармоону камсыз кылат;
3) соттолгондордун жана камактагылардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат,
4) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда (мындан ары - пенитенциардык мекемелер) укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту, аларда кармалган соттолгондордун жана камактагылардын, ошондой эле ошол мекемелердин аймагындагы ЖАСтын кызматкерлеринин, аскер кызматчыларынын жана жумушчуларынын (мындан ары - ЖАСтын персоналы), кызмат адамдарынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну кепилдейт;
5) пенитенциардык мекемелерди, ошондой эле ЖАСтын башка бөлүмдөрүн жана мекемелерин кайтарууну камсыз кылат;
6) соттолгондорду жана камактагыларды конвой менен коштоонун белгиленген маршруттары боюнча кайтарууну жана конвой менен коштоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды экстрадициялоо учурунда конвой менен коштоону камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана башка күч түзүмдөрүнө коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыздоо боюнча көмөк көрсөтөт;
8) ЖАСтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана пенсионерлерин укуктук жана социалдык коргоону камсыз кылат;
9) Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүдө ЖАСтын персоналын даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат.
3-глава. Функциялары
11. ЖАМК аталган милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциясы:
- ченемдик укуктук актыларды чыгаруудан тышкары, иштин белгиленген чөйрөсүндө ченемдик жөнгө салууну камсыз кылат;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелейт жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- ЖАСтын мекемелеринин жана органдарынын ишин уюштурат;
- компетенттүү органдар менен өз ара аракеттенүүдө ЖАСтын органдарында жана мекемелеринде жарандык коргонуу, мобилизациялык даярдык жана өрт коопсуздугу боюнча иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча ЖАСты материалдык турмуш-тиричилик, азык-түлүк жана башка ресурстук камсыздоону уюштурат;
- тынчтык мезгилде аскердик абал жана өзгөчө кырдаалдар шарттарында ЖАСтын мекемелеринин даярдыгын, Кыргыз Республикасында өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда укуктук режимди сактоону, эпидемия учурунда карантиндик иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылат;
- ЖАСтын органдарын жана мекемелерин маалымдама маалымат менен камсыз кылат, уюштурат жана ЖАСтын ишине тиешелүү маселелер боюнча бирдиктүү маалыматтар банкын жүргүзөт;
- мыйзамдарга ылайык пенитенциардык саясат маселелери боюнча эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү ар кандай иш-чараларда, конференцияларда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргойт;
- жаза аткаруу иши чөйрөсүндөгү укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- пенитенциардык мекемелерде террористтик иштин алдын алууну, аныктоону, бөгөт коюуну жүзөгө ашырат;
- жаза өтөп жаткан адамдарда терроризмге каршы пикирди калыптандыруу максатында тарбиялык, пропагандалык жана башка чаралардын комплексин жүргүзүүнү уюштурат;
- террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн жаза өтөп жаткан адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзөт;
- уставдык капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордо уюштуруучунун, катышуучунун (акционердин) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;
2) жазаларды аткаруу функциялары:
- пенитенциардык мекемелерде жаза өтөөнүн тартибин жана шарттарын уюштурат;
- соттолгондорду эмгекке тартат жана алар үчүн эмгектин натыйжасына моралдык жана материалдык жактан кызыктыруу шарттарын түзөт;
- пенитенциардык мекемелерди жана ЖАСтын башка бөлүмдөрүн кайтарат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде соттолгондорду жана камактагыларды атайын ташууну, конвой менен коштоо учурунда аларды коштоону жана кайтарууну уюштурат;
- соттолгондорду алар жараны болгон мамлекеттерге өткөрүп берүү жана экстрадициялоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык-укуктук милдеттенмелерин аткарат;
- кайтаруудан качып чыккан адамдарды издөөнү жана кармоону уюштурат;
- башка укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүдө пенитенциардык мекемелерде ыкчам-издөө ишин уюштурат жана жүргүзөт, ЖАС органдарынын компетенциясына кирген укук бузуулар боюнча иштерди, кылмыш-жаза иштери боюнча алгачкы тергөө жана алдын ала тергөө иштерин жүргүзөт;
- мунапыс берүү, ырайым кылуу жөнүндө актыларды аткарат;
- соттолгондор менен камактагыларга карата соттордун өкүмдөрүн, токтомдорун жана аныктамаларын так аткарууну уюштурат жана жүзөгө ашырат;
- соттолгондорду жана камактагыларды пенитенциардык мекемелерде орундардын белгиленген лимитинин чегинде туура жана дифференциалдуу жайгаштырууну камсыз кылат;
3) контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- ЖАС мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактайт;
- ЖАСтын мүлкүн пайдаланууну, техникалык тейлөөнү жана коргоону контролдойт, ошондой эле аны сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча зарыл чараларды көрөт;
- ЖАСтын мекемелерин жана персоналын ички контролдоону жана жеке коопсуздугун камсыз кылат;
- ЖАСта мамлекеттик жана кызматтык сырларды камтыган маалыматтарды коргоону камсыз кылат;
4) колдоо функциялары:
- соттолгондор менен тарбия иштерин уюштурат, тарбиялоо процессине коомдук жана диний бирикмелерди тартат;
- соттолгондор менен укуктук, психологиялык-социалдык жактан иш жүргүзүүнү уюштурат;
- соттолгондорго жалпы жана кесиптик билим берүүнү уюштурат;
- жазаларды аткаруу мекемелеринин өздүк өндүрүшүнө жана ишканаларына мамлекеттик муктаждыктар үчүн продукцияларды, товарларды жеткирүүгө заказдарды жайгаштырат;
- соттолгондорго жана камактагыларга зарыл болгон медициналык жардамды камсыз кылат, медициналык тейлөөнү уюштуруу жана жакшыртуу маселелери боюнча саламаттык сактоо органдары менен өз ара аракеттенет;
- ЖАСтан кызматтан бошотулган адамдарды, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык жана социалдык жактан камсыздоону жүзөгө ашырат;
- ЖАСтын кызматкерлеринин, аскер кызматчыларынын, жумушчуларынын жана пенсионерлеринин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгын сактоого жана чыңдоого багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- ЖАСтын персоналын турак жай жана турмуш-тиричилик жактан камсыздоо боюнча чараларды уюштурат;
- ЖАСтын иш чөйрөсүндө тармактык программалардын жана долбоорлордун, ошондой эле курулушта, реконструкциялоодо, оңдоо-калыбына келтирүү иштеринде мамлекеттик заказчы катары чыгат;
- ЖАСтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана жумушчуларын тандоо, жайгаштыруу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ЖАСтын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын курал жана атайын каражаттар менен камсыздайт;
- ЖАСта бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштурат, жүргүзүлүүчү финансылык жана чарбалык операциялардын максатка ылайыктуулугун жана алардын мыйзамдарга шайкеш келишин контролдойт, бюджеттик каражаттарды үнөмдүү жана натыйжалуу чыгымдоону уюштурат;
- эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана мамлекеттик органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет, ошондой эле белгиленген чөйрөдө редакциялык-басма ишин жүзөгө ашырат;
- ЖАСтын ишинин маселелери боюнча жарандарды, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кабыл алат;
- мыйзамдарга ылайык мекемелердин персоналына эмгек акыны, белгиленген компенсацияларды жана жеңилдиктерди өз убагында төлөөнү, ошондой эле материалдык жактан дем берүүнү камсыз кылат;
- мыйзамдарга ылайык иштин белгиленген чөйрөсүндө башка уюштуруу, уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521, 2025-жылдын 23-октябрындагы № 694 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4-глава. Укуктары
12. ЖАМК негизги милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) республикалык бюджеттен ЖАСты күтүүгө жана ага жүктөлгөн функцияларды ишке ашырууга каралган каражаттарды тескөөчү болууга жана өндүрүштүк-чарбачылык иштен алынган каражаттарды бөлүштүрүүгө, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ЖАСтын ишин жакшыртуу үчүн эл аралык жана донордук уюмдардын, коомдук жана диний бирикмелердин финансы каражаттарын тартууга;
2) белгиленген тартипте министрликтерден, аткаруу бийлигинин башка органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана материалдарды алууга;
3) чет өлкөлөрдүн ЖАС органдары менен кызматташууга жана байланышын өнүктүрүүгө;
4) ЖАС мекемелеринде кылмыштардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну камсыздоого;
5) өзүнүн компетенциясынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында буйруктарды, тескемелерди жана нускамаларды чыгарууга;
51) мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга, уставдык капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашырууга;
52) түшкөн пайдасы соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга, түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө, соттолгондордун социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө, ошондой эле жетишпеген бюджеттик каржылоону жабууга жумшалуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердикти жүзөгө ашырууга;
6) кылмыш-жаза, жаза аткаруу, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда, ошондой эле "Ыкчам-издөө иши жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 694 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Ишти уюштуруу
13. ЖАМКны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.
14. ЖАМКда төраганын орун басарларынын (мындан ары - төраганын орун басарлары), анын ичинде бир биринчи орун басарынын кызмат орундары каралган, алар ЖАМКнын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
Төраганын орун басары ошол эле учурда ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы болуп саналат.
Төраганын орун басарлары ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси же ЖАМКнын төрагасынын сунушу боюнча бошотулушу мүмкүн.
15. ЖАМКнын төрагасы:
1) жеке башкаруунун негизинде ЖАМКнын ишин жалпы жетектейт жана ЖАМКга жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана чет мамлекеттер менен болгон мамилелерде ЖАМКнын атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ЖАС маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
3) ЖАМКнын төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт, алардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт жана аларга өз ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну тапшырат, ЖАСтын башка кызмат адамдарынын ыкчам, уюштуруу-штаттык, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана ЖАМКнын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына белгиленген тартипте төмөнкүдөй сунуштарды киргизет:
- ЖАМКнын төрагасынын орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө;
- кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда ЖАМКнын төрагасынын орун басарларын кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетүү жөнүндө;
5) ЖАМКнын төрагасы тарабынан дайындалган ЖАСтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана жумушчуларын кызматтык териштирүү жүргүзгөн мезгилге карата кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетет;
6) ЖАСтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана жумушчуларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен штаттык сандын чегинде ЖАМКнын борбордук аппаратынын, ведомстволук мекемелеринин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык расписаниесин бекитет;
8) түзүмдүк бөлүмдөр жана ведомстволук мекемелер жөнүндө жоболорду бекитет;
9) алгачкы жана кезектеги атайын жана аскердик наамдарды белгиленген тартипте ыйгарат;
10) "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте мурунку наамында иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндө, башкача айтканда мөөнөтүнөн мурда же мурунку наамында иштеген жылдарынын эки мөөнөтү өткөндө ээлеген кызмат орду боюнча каралган наамдан бир даражага жогору орто жана улук жетектөөчү курамдын атайын наамдарын ыйгарат;
11) ЖАСтын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына белгиленген тартипте сунуш киргизет;
12) ЖАСтын кызматкерлерине жана персоналына карата мыйзамдарда белгиленген тартиптик жаза чараларынын түрлөрүн колдонот;
13) мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык ЖАСта аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
14) ЖАСта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн атайын багыттагы бөлүмдөрдүн ишинин тартибин аныктайт;
15) ЖАСтын кызматкерлерин жана персоналын, ошондой эле ЖАСтын негизги милдеттерин аткарууда жардам көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн ЖАСтын төш белгилерин (сыйлыктарын) белгиленген тартипте уюштурат, бул теш белгилер жөнүндө жоболорду жана алардын сүрөттөлүшүн белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды төш белгилер, ардак грамоталар менен сыйлайт жана аларга карата мыйзамдарда каралган сыйлоолордун башка түрлөрүн колдонот;
16) белгиленген тартипте ЖАСтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана персоналын, ошондой эле ЖАСка жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды сыйлоо үчүн сыйлык жана белек фонддорун түзөт;
17) мыйзамдарга ылайык ЖАСтын финансы-чарбалык ишин уюштурат;
18) ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой департаментинин аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында каралган укуктардан толук пайдаланат;
19) ЖАСтын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинде жана анын чегинен тышкары жерлерге да кызматтык командировкаларга жиберет;
20) ЖАСтын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын мыйзамдарда аныкталган тартипте жана шарттарда мамлекеттик бийлик органдарына жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле эл аралык уюмдарга командировкага жиберет;
21) республикалык бюджеттен ЖАСты күтүүгө бөлүнгөн финансы каражаттарын, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер тарабынан берилген каражаттарды белгиленген тартипте тескейт;
22) ЖАСта ыкчам-издөө ишин жүзөгө ашырууга байланышкан ыкчам иш-чараларды жүргүзүүгө финансы каражаттарын чыгымдоо тартибин жана ченемдерин аныктайт;
23) ЖАМКнын, ошондой эле ЖАМКга баш ийген бөлүмдөрдүн жана мекемелердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
24) жазаларды аткаруу, пенитенциардык мекемелерде соттолгондорду жана камактагыларды кармоо шарттарын камсыздоо боюнча, ошондой эле мыйзамдуулукту жана адам укуктарын сактоо боюнча иштин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына баяндама үчүн материалдарды даярдайт;
25) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ЖАМКнын иши жөнүндө отчетторду берет;
251) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат;
26) ыкчам кеңешмелерди өткөрүүнү уюштурат жана алардын сандык жана персоналдык курамын бекитет;
27) эксперттик, консультациялык жана кеңешүүчү органдарды түзөт, алар жөнүндө жобону жана алардын курамын бекитет;
28) ЖАМК коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
29) ЖАМКнын "Айгай" сигналы боюнча чогулууну жарыялайт;
30) өзүнүн ыйгарым укуктарын төмөнкүлөргө өткөрүп берүүгө укуктуу:
- орун басарларына, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилерине ЖАСтын персоналын кызматка дайындоо же кызматтан бошотуу, атайын жана аскердик наамдарды ыйгаруу боюнча;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилерине ЖАСтын персоналына мыйзамдарда белгиленген тартиптик мүнөздөгү чараларды колдонуу боюнча.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза аткаруу иши чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди кароо үчүн ЖАМКда төрага жетектеген коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына милдеттүү тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү кирет. Коллегиянын жобосу жана коллегия мүчөлөрүнүн саны ЖАМКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
6-глава. Корутунду жоболор
17. ЖАМКны күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана мыйзамдарда каралган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
18. ЖАМКны жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
19. ЖАМКнын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.