Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 14-октябры № 528
"Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн:
- 2024-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөттө мыйзам алдындагы актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыксын;
- 2024-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө иштелип чыккан мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрликтерден, административдик жана башка ведомстволордон белгиленген тартипте маалыматтарды суроого жана адистерин, эксперттерди тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоону камсыз кылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Эсенгул уулу Чынгыз | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Маданбек кызы Тохтохан | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча укуктук колдоо көрсөтүү секторунун башкы адиси, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Иргебаев Эрмек Нуркалыйевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Усубалиев Тойчубек Ишенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгынын башчысынын орун басары; |
Иштыбаев Самат Мусадинович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары; |
Кулумбаев Меер Темирович | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин директорунун орун басары; |
Жусупов Расул Токонович | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын начальниги; |
Омурзаков Мыктыбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Шеримбеков Бакыт Кемелканович | - | "Бишкектеги аза күтүү кызматтарын көрсөтүү агенттиги" муниципалдык ишканасынын директору; |
Новицкий Николай Иванович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн башчысы; |
Усеналиева Бактыгуль Сыртбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Бакасов Султан | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча укуктук колдоо көрсөтүү секторунун башчысы; |
Абдраимов Самат Галыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси; |
Бердибек уулу Шекербек | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын экспертиза жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Усенова Нургүл Сагынбековна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди кабыл алуу бөлүмүнүн адиси; |
Сарыева Гульнара Аламовна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык врачы; |
Аскарбекова Айдай Сабыровна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору, ички кызматтын капитаны; |
Молдалиева Мунара Шакировна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын тарбия жана социалдык маселелер башкармалыгынын инспектору, ички кызматтын улук лейтенанты. |