Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу №46/VIII
Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу
жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу боюнча жобосунун негизинде жана укук тартибин камсыз кылуунун социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчɵсүнүн Э.Усупбекованын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
- Сагынбекова Жылдыз Эрмековна – А.Токтоналиев айылынын маданият үйүнүн жетекчиси;
- Искембаева Алымбүү Асановна – Красноречка орто мектебинин мугалими;
- Сарыбаев Таштанбек – Первомай айылынын аксакылы;
- Зия Ислам Адылханович – Нурманбет айылдык кеңешинин депутаты;
- Артыкбаев Базаркул Уркунчиевич – Нурманбет айылынын айыл башчысы;
- Обухова Татьяна Анатольевна – Красная Речка айылынын коомдук ишмери;
- Усупбеков Момбек Кенешбекович – Красная Речка айылынын аксакалы.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Н.С.Бекбоева |