Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 20-февралы №8
“Төрт Гүл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2026-2027-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 2-пунктчасына жана Төрт Гүл айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Төрт Гүл айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1. Төрт Гүл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана
чыгаша бөлүгү 52397,8 миң сом, анын ичинен тендөөчү гранттар 37303,2 мин сом жергиликтүү киреше 15094,6 мин сом жана 2026-жылга божомолу 53234,5 мин сомго анын ичинен тендөөчү гранттар 37303,2 мин сом, жергиликтүү киреше 15931,3 миң сом, 2027-жылга божомолу 54289,5 миң сомго анын ичинен тендөөчү гранттар 37303,2 мин сом. жергиликтүү киреше 16986,3 мин сом бекитилсин.
2. Төрт Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төрт Гүл айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: (атайын каражаттар менен) жалпы 52397,8 мин сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (статьялар боюнча тиркелет).
5. 2025-жылга айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1533,1 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2025-жылга Төрт Гүл айыл өкмөтүнүн резервдик фонду №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Төрт Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-2027-жылдарга божомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. 2025-жылга айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 3000,0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктары №8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
10. Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт Гүл айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кенешинин торагасы: |
А.Суранчиев |