Загрузка документа…
ИНТЕРНАЦИОНАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022 жылдын 27-октябры №87/28-9
Интернационал айыл аймагынын
көчөлөрүнүн атын өзгөртүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө
Географиялык объекттердин аталыштарын өзгөртүү маселелерин тартипке келтирүү максатында «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Географиялык объекттерге ат коюунун, аларды кайра атоонун, географиялык аталыштарды эсепке алуунун жана каттоонун тартиби жөнүндө» жобонун негизинде "Кыргыз Республикасындагы" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому менен бекитилген, айыл аймагынын учурдагы көчө аталыштарын түшүнүү жана убакыт сынагынан өткөрүү зарылдыгын эске алуу менен
Интернационал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын көчөлөрүнүн жана аллеяларынын аталыштарын өзгөртүүсү беш жылга токтотулсун.
2. Интернационал айыл аймагынын жаңыдан түзүлгөн же аталышы жок географиялык объектилерине гана көрүнүктүү ишмерлердин ысымдары ыйгарылсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Интернационал айылдык кеңешинин төрагасы
|
А.А. Аскаров |