Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 20-февралы №13
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2024-жылда аткарган иштери жана 2025-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2024-жылда аткарган иштери жана 2025-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2024-жылда аткарган иштери жана 2025-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат: 1. Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын 2024-жылга отчёту кемчилдиктер менен канааттандырарлык деп белгиленсин. 2. “Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын 2025-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 947730 (тогуз жүз кырк жети мин жети жүз отуз) сом, чыгаша бөлүгү 947730 (тогуз жүз кырк жети мин жети жүз отуз) сомго бекитилсин. 3. “Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1) 4. Таза суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына Жаңы-Жер айылына 21 сом 9 тыйын, Тоок фермага айына 300 сомдон, 1-май айылына ар бир кожолугуна 200 сомдон, Жүз жылдык участкасына ар бир кожолугуна 100 сомдон, Чет-кызыл айылынын тургундарына ар бир тургунуна 21 сом 9 тыйындан белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн жыйналган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп бекитилсин. 5. Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага таза суу үчүн 10 сомдон тариф бекилсин. 6. Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 300 сом тариф бекилсин. 7. “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн. 8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге милдеттендирилсин. Айылдык кеңешинин төрагасы: А.Суранчиев
Айылдык Кенешинин торагасы: |
А.Суранчиев |
“Бекитемин”
Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын №13 токтомуна тиркеме №1
«Ак Суу Баткен» ИСКАКБнын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы.
№ | Аткарылуучу иштин мазмууну | Мөөнөтү | Аткарууга жооптуу |
1 | « Ак Суу Баткен» ИСКАКБнын ши планын түзүү жана бекитүү жана элдер жана бюджеттик мекемелер менен келишимдерди түзүү | 2025-жыл январь | Ишкананын башчысы |
2 | Жогорку мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө | Дайыма | Ишкананын башчысы |
3 | ИСКАКБнын башкармасынын мүчөлөр жүргүзгөн иши жөнүндө отчету | Февраль айы | Ишкананын башчысы |
4 | «Ак Суу Баткен» ИСКАКБнын ишканасынын бюджетин бекитүү | Март айы | Ишкананын башчысы |
5 | Айылдын элдеринин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо | Дайыма | Ишкананын башчысы |
6 | Элдик жалпы чогулуштарды өз убагында өткөрүү | Дайыма | Ишкананын башчысы |
7 | Тарифтерди талдоонун маанилүүлүгүн суу пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дайыма | Ишкананын башчысы |
8 | Ичүүчү сууну үзгүлтүккө учураган учурда тез арада дайыма оңдоо жумуштарын сапаттуу аткаруу | Дайыма | Ишкананын башчысы |
9 | Тарифтин жыйналышын көзөмөлдөө жана төлөбөгөн абономенттерге эскертүүлөр жана чараларды колдонуу | Дайыма | Ишкананын башчысы |
10 | Тарифтерди өз убагында жыйналышын көзөмөлдөө | Дайыма |
|
11 | Элдердин таза суу менен камсыздоо учун эл аралык уюмдар менен иштөө долбоорлорду сунуштоо | Дайыма | Ишкананын башчысы |
12 | « Ак Суу Баткен» ИСКАКБнында иштегендерге шарттарды түзүү жана моралдык жактан колдоо | Дайыма | Ишкананын башчысы |
13 | Квартал боюнча отчеттук чогулушттарды уюштуруу | Дайыма | Ишкананын башчысы |
14 | Башкармалыктын жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө | Жарым жылдыкта | Башкармалыктын башчы мүчөлөрү |
«Ак Суу Баткен» ИСКАКнын башчысы К.Тажибаев