Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 20-февралы №14
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2024-жылга аткарган иштери жана 2025-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ИСКАКБсынын 2024-жылга каткарган иштери жана 2025-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө А.Амиралиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2024-жылга отчёту кемчилдиктер менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2025-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 828662 (сегиз жүз жыйырма сегиз миң алты жүз алтымыш эки ) сом, чыгаша бөлүгү 828662 (сегиз жүз жыйырма сегиз миң алты жүз алтымыш эки) сомго бекитилсин.
3. “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)
4. “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2024-жылга карата таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 20 сом 95 тыйын тариф болуп белгиленсин жана акча каражатын жыйнаган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп бекитилсин.
5. Бюджеттик мекеме ишканалар 1метр куб суу 25 сомдон эсептелсин мектептер жана бала-бакчалар.
6. Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 300 сом тариф бекилсин.
7. “Дара Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй таза суу пайдаланганы аныкталса, кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге милдеттендирилсин.
Айылдык Кенешинин торагасы: |
А.Суранчиев |
“Бекитемин”
Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын №14 токтомуна тиркеме №1
«Дара Суусу» ИСКАКБнын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы.
№ | Аткарылуучу иштин мазмууну | Мөөнөтү | Аткарууга жооптуу |
1 | «Дара Суусу» ИСКАКБнын ши планын түзүү жана бекитүү жана элдер жана бюджеттик мекемелер менен келишимдерди түзүү | 2025-жыл январь | Ишкананын башчысы |
2 | Жогорку мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө | Дайыма | Ишкананын башчысы |
3 | ИСКАКБнын башкармасынын мүчөлөр жүргүзгөн иши жөнүндө отчету | Февраль айы | Ишкананын башчысы |
4 | «Дара Суусу» ИСКАКБнын ишканасынын бюджетин бекитүү | Март айы | Ишкананын башчысы |
5 | Айылдын элдеринин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо | Дайыма | Ишкананын башчысы |
6 | Элдик жалпы чогулуштарды өз убагында өткөрүү | Дайыма | Ишкананын башчысы |
7 | Тарифтерди талдоонун маанилүүлүгүн суу пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дайыма | Ишкананын башчысы |
8 | Ичүүчү сууну үзгүлтүкө учураган учурда тез арада дайыма оңдоо жумуштарын сапаттуу аткаруу | Дайыма | Ишкананын башчысы |
9 | Тарифтин жыйналышын көзөлдөө жана төлөбөгөн абономенттерге эскертүүлөр жана чараларды колдонуу | Дайыма | Ишкананын башчысы |
10 | Тарифтерди өз убагында жыйналышын көзөмөлдөө | Дайыма |
|
11 | Элдердин таза суу менен камсыздоо үчүн эл аралык уюмдар менен иштөө долбоорлорду сунуштоо | Дайыма | Ишкананын башчысы |
12 | «Дара Суусу»ИСКАКБнында иштегендерге шарттарды түзүү жана маралдык колдоо | Дайыма | Ишкананын башчысы |
13 | Квартал боюнча отчеттук чогулушттарды уюштуруу | Дайыма | Ишкананын башчысы |
14 | Башкармалыктын жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө | Жарым жылдыкта | Башкармалыктын башчы мүчөлөрү |
«Дара Суусу» ИСКАКнын башчысы: А.Амиралиев.