(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомуна) |
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
1. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата ушул квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даярдалып чыккан.
2. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптар кесиптик билим деңгээлине, иш стажына жана кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет.
3. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордун 65 жаштан ашпаган адам ээлей алат.
Мамлекеттик жогорку окуу жайынын Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча уюштуруучу (уюштуруучулар) ректордун кызмат ордун ээлөө мөөнөтүн ал 70 жашка чыкканга чейин узартууга укуктуу.
4. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
- жогорку кесиптик билим;
- окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын болушу (илимдин кандидаты/доктору PhD, доцент);
- "улуттук" деген статусу бар ЖОЖдорго илимдин доктору окумуштуулук даражанын болушу;
- илимий же илимий-педагогикалык иштеги 5 жылдан кем эмес стажы.
5. Маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен мамлекеттик жогорку окуу жайларында жетекчинин кызмат ордун маданият жана искусство чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары бар адам ээлей алат.
6. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин кызмат ордуна квалификациялык талаптар аларды карамагына алган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.
7. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси төмөнкүлөрдү билиши керек:
- билим берүү мекемелеринин окуу, илимий, өндүрүштүк, чарбалык жана финансылык-чарбалык ишин регламенттөөчү кесиптик билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын жана илимий ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын;
- билим берүү системаларын башкаруунун теориясын жана методдорун;
- кесиптик билим берүүнүн адистерин даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерин;
- салык, экономикалык жана экологиялык, эмгек мыйзамдарынын негиздерин;
- кесиптик билим берүү жаатындагы чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин илимий жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбасын.