Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 25-февралы № 9
А.Масалиев айыл аймагындагы Алыш жана Ташкоргон айылдарынын ортосуна ФАП куруу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы Алыш жана Ташкоргон айылдарынын ортосуна ФАП куруу үчүн фонддун жерлеринен 0,35 га жер аянтын ажыратууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |