Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 25-февралы № 10
А.Масалиев айыл аймагындагы Кожо-Алматы жана Беш –Булак участкаларынан короо сарай салуу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы Кожо-Алматы участкасындагы №3 контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянтын короо сарай салуу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. А.Масалиев айыл аймагындагы Беш –Булак участкасындагы №23 контурундагы 0,10 га жер аянтын короо сарай салуу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
3. Короо – сарай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |