Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 25-февралы № 11
А.Масалиев айыл аймагындагы Беш –Булак участкасында жайгашкан эски короону жамааттык короо кылып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы Беш –Булак участкасында жайгашкан эски короону жамааттык короо кылып иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы А.Масалиев айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Короо – сарай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |