Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 25-февралы № 12
А.Масалиев айыл аймагындагы өзгөчө чек ара статусун алган Лесхоз айылындагы негизги 1 чакырым аралык жолду асфальтоого өздүк салымга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы өзгөчө чек ара статусун алган Лесхоз айылындагы негизги 1 чакырым аралык жолду асфальтоо үчүн айыл өкмөтүнөн өздүк салым катары 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |