А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 25-февралы № 15
А.Масалиев айыл өкмөт аймагында 2024-2026-жылдарга жаштардын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоорунун алкагында чакан гранттар программасына сунушталуучу “ЖРТга даярдоого кабинет ачуу” долбооруна өздүк салымга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагында 2024-2026-жылдарга жаштардын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоорунун алкагында чакан гранттар программасына сунушталуучу “ЖРТга даярдоого кабинет ачуу” долбооруна айыл өкмөтүнөн өздүк салым катары 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |