Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 25-февралы № 19
Кызыл-Кыя шаарынын мериясына таза суу тартуу боюнча долбоорду ишке ашырууда суу куурлары орнотулуучу контурлардагы А.Масалиев айыл аймагынан өткөн жер тилкелерин ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын мериясына таза суу тартуу боюнча долбоорду ишке ашырууда суу куурлары орнотулуучу контурлардагы А.Масалиев айыл аймагынан өткөн жер тилкелерин ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |