Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 06-марты № 23
А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын таза суу, тазалык тармагы боюнча штаттык бирдиктерин өзгөртүү, толуктоолорун бекитип берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын директору И.Бекботоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам “ муниципалдык ишканасынын таза суу боюнча штаттык бирдиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам “ муниципалдык ишканасынын тазалык тармагы боюнча штаттык бирдиги №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-январындагы №2 токтому жокко чыкты деп табылсын.
Төрага | Т.Галботоев |