Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 1
“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 24-главасынын 73-74-75-76- беренелерине ылайык калктуу конуштардан таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды бекитүү жөнүндө.
“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 24-главасынын 73-74-75-76- беренелерине ылайык, калктуу конуштардан таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды бекитүү жөнүндө “угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 24-главасынын 73-74-75-76- беренелерин жетекчиликке алып калктуу конуштардан таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды жеке ишкерлер, коммерциялык уюмдар жана юридикалык тараптар-ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр бир жашоочуга жылына 100 (бир жүз) сомдон бекитилсин.
Төлөө жана эсептик маалыматтарды берүү үстүбүздөгү жылдын 1-апрели белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |