Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 3
Чаек айыл аймагындагы көчөлөрдү кеңейтүү үчүн жүрүп жаткан иштер боюнча көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чаек айыл аймагындагы көчөлөрдү кеңейтүү үчүн жүрүп жаткан иштер боюнча көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чаек айыл аймагындагы көчөлөрдү кеңейтүү үчүн жүрүп жаткан иштер боюнча Чукур айылынын 5 көчөсүнүн туурасынын кенендиги 12 метр бойдон 2040-жылга чейин калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |