Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-марты № 2/1
Кара-Суу айыл аймагына тиешелүү турак жайлары үчүн салык бөлүгүндөгү сандык ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын турак жай имараттары үчүн бир жарандын наамында бир нече турак жайы болсо, бир турак жайын кошпогондо, башка турак жайларын ар бирин өзүнчө өлчөгөндө 300 чарчы метрден ашса, ашкан бөлүгү үчүн турак жайдын 1 чарчы метри 20 (жыйырма) сом деп бекитилсин.
2. Тиешелүү мыйзамдарга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А. Аалиевгемилдеттендирилсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |