Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 22
“Баткен –Таза Суу муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жана шаар калкынын таза суу менен камсыз болуусунун абалы жөнүндө”
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен- Таза суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жыл ичинде: Кыргыз Республикасынын коммуналдык таза сууну жеткирүү жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоо жөнүндө эрежелерди так аткаруу менен нормативдик документтердин, Баткен шаардык кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополияга каршы күрөшүү мекемесинин бекитип берген тарифинин негизинде Баткен шаарындагы мекеме-ишканалар коммерциялык уюмдар жана элдер менен түзүлгөн келишимге ылайык кызмат көрсөтүү аныкталган.
Баткен шаарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн: “Баткен- Таза суу” муниципалдык ишканасында 34 (отуз төрт) штатта, 12 кызматкер келишимдин негизинде иштейт. Баткен Таза Суу” муниципалдык ишканасы Баткен шаарынын элин өз убагында ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана көзөмөлдөө ишкананын милдети
“Баткен-Таза суу” ишканасына 2024-жыл ичинде 359 арыз келип түшкөн анын ичинен 340 на өз убагында жооп кайтарылган, элден түшкөн арыздардын негизинде күн сайын Баткен шаарынын көчөлөрүн кыдырып суу чыкпаган жерлерди карап, оңдоо иштерин жүргүзөт. Баткен шаарынын жашоочуларынын арыз даттанууларын арыздын негизинде кабыл алып, аткарылгандыгы туралуу жообун кат аркылуу билдирет.
Таза суу берүүнүн эрежесине ылайык күнүнө бир жолу кечки саат 18-00дөн 20-00гө чейинки аралыкта 3 резерварга 4кг хлор аппарат менен салынат. Суунун тазалыгы бир жумада 2 жолу электронный аппарат менен текшерип турулат. Ар айдын 20 сында “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы кызматынын ишин координациялоо функциялары менен Баткен райондор аралык ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору” тарабынан берилген идишке, сууну алып барып текшерүүдон өткөрүлүп турулат
Күн сайын “Таза суу” ишканасынын сантехник кызматкерлерине авариялык мезгилде трубалардын жарылуусу аларды оңдоп түзөө иштери боюнча эрте менен кеңешме өткөрүлүп талкууланат.
“Баткен Таза суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 12 айына план 15000,0 (он беш милион) каралган, анын ичинен аткарылганы 15806,0 (он беш милион сегиз жүз алты миң) сом. План 105% аткарылган.
2023-жылда Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана Баткен шаарынын мэриясы тарабынан колго алынып, Булак-Башы кварталына 2000 (эки миң) метр жана Базар-Башы кварталына 1300 (бир миң үч жүз) метр таза суу линиясы тартылды. Ошондой эле Араб эмираты фондунан каржыланып Чет-Булак кварталына 11км таза суу линиясы тартылып, график менен күнүнө 3 сааттан таза суу берилип жатат. 2024-жылы ушул эле Араб эмираты фондунун колдоосу жана Баткен шаарынын мэриясы менен биргеликте 17км таза суу линиясы, 2000м3 суу кампасы курулуу алдында турат. Азыркы күндө Чет-Булак кварталынын 19 көчөсүнө элдер менен ашар жолунда таза суу линиясы тартылып 400-450 кожолук күнүнө 2 сааттан таза суу менен камсыз болгон.
“Баткен Таза суу” муниципалдык ишканасына 2025-жылга кызматкерлердин
коопсуздугу үчүн медициналык кароодон өткөрүп турууга медициналык кызматкер керек экендигин жана штат ачуу зарылдыгын эске алып пландоодо.
Шаар ичндеги 73 мекеме-ишканалар менен ичүүчү сууга келишим түзулгөн жана 11ишкана менен булганыч сууларга келишим түзүлгөн. 128 коммерсиялык ишканалар менен келишим түзүлгөн. 3000 кожолук менен сууга жана булганыч сууларга келишим түзүлгөн
БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ “ТАЗА СУУ” ЧАРБАЛЫК ЭСЕПТЕГИ МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫ
Таза суу төлөмдөрүн жыйноо боюнча “Таза суу” ишканасынын бекитилген планы 15000,0 миң сом болсо, 15806,0 миң сомго аткарылып 105% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 806 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 7357,3 миң сомго көп аткарылган.
Анын ичинен: Таза суу пайдалануучулардан топтолуучу каражаттардын планынын аткарылышы 1399,7 миң сомду түзүп 105% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 1109,4 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 6352,8 миң сомго көп аткарылган.
Техникалык шарттарды түзүүдөн топтолуучу каражаттар үчүн пландын аткарылышы __ миң сомду түзүп, __ % ды түзгөн. Натыйжада __ миң сомго аз аткарылган.Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу __ миң сомго көп аткарылган.
Шаарды булганыч суулардан тазалоодон топтолуучу каражаттар үчүн пландын аткарылышы 826 миң сомду түзүп 97 % ды түзгөн. Натыйжада 22 миң сомго аз аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 315 миң сомго көп аткарылган.
Ар түрдүү кирешелерден топтолуучу каражаттар үчүн пландын аткарылышы 221 миң сомду түзүп 343 % ды түзгөн. Натыйжада 157 миң сомго көп аткарылган.Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 147,5миң сомго көп аткарылган.
2023-ж. 4-кварталына (миң сом) | 2024-ж. 4-кварталына (миң сом) | План 2023 % | факт 2024 % | Айырма (+-) | |||||||
план | факт | Аткарылды % | айырма (+,-) | План | факт | Аткарылды % | Айырма (+,-) | План (миң сом) | Факт (миң сом) | ||
Жалпы суммасы | |||||||||||
7943 | 8448 | 106% | -505 | 15000,0 | 15806,0 | 105% | 806,0 | 188,8 | 187% | 7056,4 | 7357,3 |
Калкты таза суу менен камсыз кылуу | |||||||||||
6994,3 | 7644,2 | 109% | 649,9 | 12887,6 | 13997 | 109% | 1109,4 | 184,3 | 183% | 5893,3 | 6352,8 |
Техникалык шарттарды берүү | |||||||||||
520 | 511,0 | 98% | -9,0 | 848,0 | 826,0 | 97% | -22,0 | 163,077 | 62% | 328,0 | 315,0 |
Булганыч суулардан тазалоо | |||||||||||
375,1 | 220,0 | 59% | -155,1 | 1200,0 | 762,0 | 64% | -438 | 0 | 346% | 824,9 | 982,0 |
Ар түрдүү каражаттар | |||||||||||
54,2 | 73,5 | 136% | 19,3 | 64,4 | 221,0 | 343% | 157 | 0 | 301% | 10,2 | 147,5 |
Келечектеги пландары:
- Ишкананын бюджетин көтөрүү.
- Ичүүчү таза суу менен элди үзгүлтүксүз камсыз кылуу.
- Керектүү жумуш орундарын, штаттарды көбөйтүү.
- Баткен шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу
-жумушчуларды атайын формалар менен камсыздоо
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен-Таза Суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жыл ичинде аткарган иштери (кемчиликтери менен) эске алынсын
2.Баткен шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
-Шаар тургундарын 24 саат бою, ичүүчү таза суу үзгүлтүксүз камсыз кылууга жетишүү;
-Шаар аймагында булганыч сууларды тазалоо линиясына жеткирүү жана кошуу;
- Муниципалдык – ишканасынын атайын кызмат көрсөтүү техникаларын толуктоого жетишүү
-Шаар калкы 100% ичүүчү таза суу төлөмүн төлөөгө жетишүү үчүн ар бир кожолук каттоого алынып келишим түзүлсүн;
- Ичүүчү таза суу төлөмүн электрондук капчыктар аркылуу төлөм жүргүзүүгө жетишүү;
-Электрондук эсептешүү иш аракеттери көрүлгөндөн кийин кезектеги сессияда маалымат берилсин
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга /Б.Козубаев/ тапшырылсын
Төрага | А.Аширов |