Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 24
Баткен шаарынын аймагында ветеринардык кызматтардын, кызмат көрсөтүүнүн абалы жөнүндө
Баткен шаарынын аймагында 2024-жылдын 12 айына карата мал жандыктардын ичинен ири мүйүздүү мал 3359, кой-эчки 12515 баш, жылкы 141 баш, канаттуулар 79548 баш, жалпысынан 95560 баш мал жандыктар бар.
Шаардын аймагында мал жандыктарды ветеринардык жактан тейлөө үчүн 4 жеке ветеринардык сервистер иш алып барышты.
Жугуштуу оорулардын алдын алууда жана диагностикалык текшерүүдө аткарылган иштер:
Жылкылар боюнча – 10 позиция боюнча лабороториялык текшерүү иштери каралган болсо, бардыгы аткарылган. Жугуштуу оорулар катталган эмес.
Ири мүйүздүү балдар боюнча – 21 позиция каралган болсо, шарп ылаңына каршы 5153 баш, карасан ылаңына 1202 баш эмдөөдөн өткөрүлгөн, дегельмитизациядан 1320 баш обработка болгон. Жугуштуу брюцеллез оорусуна 201 баш бодо малдын каны текшерилип, оору катталган эмес. 15 баш бодо малдын каны лейкоз оорусуна текшерилди. Малдын кыгын мите курттарга текшерүү 110 баш малга жүргүзүлгөн, ооруган мал болгон эмес.
Кой-эчкилер боюнча– Жугуштуу оорулардын алдын алуу лаб. текшерүү боюнча 18 позиция каралган. Баары аткарылган. Жугуштуу оспа ылаңына эмдөө 6362 баш, чума ылаңына эмдөө 5569 баш, брецелезго 30 баш, мите курттарга дарылоо 26 башты түзгөн. Курттарга каршы дегельмитизациялоо 4350 баш, 2024-жылы Кызыл-Жол эчки чарбасынан 3 баш эчки пастереллез оорусу менен катталган.
Канаттуулар боюнча – Жугуштуу оорулардын алдын алуу диагностикалык текшерүү боюнча планда 6 позиция каралган болсо, бардыгы аткарылган.Жугуштуу чума ылаңына каршы1200 баш тоок эмдөөдөн өткөрүлүп, 97 баш туберкулез оорусуна текшерилди, 70 баш дегельмитизациядан өттү.
Малдан адамга жугуучу оорулар – Зооантропооноздук оорулардын алдын алуу боюнча Баткен СЭСтин кызматкерлер менен иш алып барылып, шаар боюнча 2024-жылы жугуштуу эхиноккоз оорусу менен 5 адам ооруп катталган, анын ичинен Кызыл-Жол кв. 1, Чет-Булактан 1, Кызыл-Дөң кв. 1, Баткен шаарынан 2 адам ооруп катталган. Ооруган адамдардын бирөөсүндө ити бар, дегельмитизация болгон, калган 4 адамда мал жандыгы жок, ооруну каяктан жуктурганы белгисиз. Бруцеллез оорусу менен Кызыл-Жол кварталынан 2 адам ооруган болсо, бирөөнүн мал жандыгы жок. Бирөөсүнүң карамагында 7 баш бодо малы болсо, бардыгынын каны бруцеллез оорусуна текшерилип, таза чыккан.
Шаардын аймагындагы объектилер - 1 мал базар, 1 мал союлуучу жай, 20 эт сатуучу павильон, 2 азык-түлүк, жашылча-жемиш сатуучу базар, 1 тоок багуучу ферма, 20 дан ашык дүкөн көзөмөлдө турат. Базардын аймагындагы ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү лаборотория айыл чарба азыктарын күнүмдүк текшерүүдөн өткөндөн кийин сатууга уруксат берилет. Мал союлуучу жайда ветеринардык врач көзөмөл жүргүзүп союлуучу малды электрондук каттоодон өткөрүп, QR код аркылуу этке клеймо басып, жараксыз ички органдар утилизация кылынат.
Көйгөйлүү маселелер – бүгүнкү күндө шаардын аймагын толук ветеринардык жактан тейлөөгө ветеринардык адистер жетишпейт. Шаардын аймагында 4 жеке ветврач иш алып барат. Алардын жардамчылары жок. Шаарда 1 да ветинспектор деген штат жок. Район менен шаарды чогуу тейлешет. Баткен шаардык ветеринардык башкармалыгын ачуу мезгилдин талабы. Баткен шаарындагы муниципалдык мал базарында район, шаардын аймагынан биркасы жок, справкасы жок малдар да сатылат. Бул калктын саламаттыгы үчүн кооптуу жагдайды пайда кылбай койбойт. Шаардын аймагындагы мал союучу жайга саркынды суулар үчүн атайын чуңкур, видео байкоо орнотуу зарыл. Андан сырткары союлган малдардын ичеги-карындарын утилизациялоо атайын полигондо эмес мал союучу жайдын аймагында жүргүзүлөт.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагында ветеринардык кызматтардын, кызмат көрсөтүүсү көңүлгө алынсын жана Баткен шаарынын мэриясы тарабынан төмөнкү иш аракеттер аткарууга алынсын;
-Шаардагы менчик мал жандыктардарды эмдөө этаптарында уюштуруу иштерин жеткиликтүү жүргүзүү;
-Мал союлуучу жеке менчик жайлардын санитардык тазалыгын камсыздоо, калдыктарды талапка ылайык жок кылуу;
-Баткен шаарындагы муниципалдык мал базарга кирип жаткан мал- жандыктардын биркасы жана аныктамасы менен киргизүү жагы эскертилсин;
-Шаар аймагын тейлеген ветврач штатына каражатка кошумча берүүгө макулдук, штатты кабыл алуу маселесин Баткен шаарынын мэрине сунуштоо (ондоо)
-Атайын жайлар үчүн шаарынын аймагынан керектүү болгон жер аянттарын ажыратып берүү;
-Шаардын аймагын тейлеген ветврач штатын ачуу маселеси Баткен шаарынын мэрине (И.Буркановго) сунушталсын.
2.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссияга /Абдинаби у С/ тапшырылсын
Төрага | А.Аширов |