Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 25
Шаардын аймагындагы медициналык мекемелердин, медициналык калдыктарын жок кылуунун абалы жөнүндө
Баткен ОБОсында медициналык калдыктарды автоклавдоо пункту (МКАП) бар, медициналык калдыктар (МК) бардык бөлүмдөрдөн 24 саат ичинде чогултулуп, автоклавдоо пунктуна алып келинет.
Мекемеден А,Б,В,Г,Д классындагы медициналык калдыктар (МК) чыгат, көбүнчө А,Б классындагы мед.калдыктар (МК) чыгат. Андан сырткары Яма Беккари аттуу 6 ямалар бар жана мед.калдыктар (МК) үчүн атайын эки арабалуу авто бар. Класс А калдыктары мекеменин ичиндеги бөлүмдөрдөн бир жайга чогултулат. Класс А мед. Калдыктары (МК) түз эле арабага ташталат. Класс А калдыктары – бул коопсуз калдыктар болуп эсептелинет, дары-дармектердин, бир жолу колдонуучу каражаттардын сыртындагы кагаздар, канцелярдык кагазадар ж.б., мекеменин территориясынан чыккан таштандылар, ремонттон кийинки таштандылар ж.б. таштандылар кирет. А классындагы калдыктардын кара түстөгү кодировка болот, мисалы: КАРА түстөгү пакет.
Ал эми класс Б калдыктары ар кандай медициналык процедуралар же болбосо манипуляция жана оперциялар болгон жайлардан чыгат, атайын контейнерлерге жана сырдуу чакаларга же болбосо полипропилендуу пакеттерге чогултулат, сырдуу чакалар Б 3 деп эки чакадан турат, класс Б мед. калдыгы 4кө бөлүнүп кетет.
Б1 калдыгы – бул адамдан чыккан бардык нерселер Мисалы: операция кийинки адамдын тканьдары, органдары, кусунду, чач ж.б., бул Яма Беккари чункуруна дезинфекция болгондон кийин ташталат.
Б2 мед.калдыгы (МК) – курч жана сайылуучу жана кесип кетүүчү каражаттар, Б2 классындагы мед. Калдыктар атайын пласмасса контейнерине чогултулат, ал медициналык калдыктарды (МК) авто клавдоопунктуна (МКАП) алып келинет, автоклавдан чыккан сайылуучу курч каражаттар идишке салынып, цементтелип, жалпы мед. Калдыктар арабасына ташталат.
Б3 мед.калдыгы – эки сырдуу чакадан же болбосо полипропилен пакеттеринен турат, бир чакага шприцтин пластик бөлүгү чогултулат, ал эми экинчи чакага иштетилген бир жолу колдонуучу система, перчатки, марли салфеткалары, марли шариктер ж.б. калдыктар ташталат, ал МКАПна алып келинет.
Б4 МКгы Яма Беккари чункуруна жугуштуу оорулардан чыккан тамак-аш калдыгы бөдүмдөрдө чогултулуп, дезинфекция болуп ташталат. Б,В классындагы мед.Калдыктар САРЫ түстөгү кодировка менен белгиленент.
Б,В классындагы мед.калдыктар (МК) автоклавдоо пунктундагы автоклавда 132 градуста 2.2 атмосферада зыянсыздандырылып жалпы мед.калдыктар арабасына ташталат. В классындагы МК дагы Б классындагы МК сыяктуу эле иш жүргүзүлөт, бул класстагы калдыктарга- өтө кооптуу МКга кирет, чума, холера, КОВИД бейтаптарынан чыккан калдыктар кирет. Ал эми шприцтин пластик бөлүгү атайын сактоочу жайга чогултулат, ал атайын фирмаларга тапшырылчу эле, бүгүнкү күндө эч бир фирма албай койгондугуна байланыштуу жалпы мед.калдыктар (МК) арабасына ташталат.
Медициналык калдыктарды авто клавдоо пунктуна (МКАП) бир күндө орто эсеп менен Баткен ОБОнын өзүнөн эле 26 чака келет, андан сырткары жеке менчик медициналык мекмелерден 26 чака келет, жалпы 52 чака чыгарылышы керек.
МКАПнда 2 автоклав бар2 автоклав иштетилет, автоклав эрте менен ишке даяр болушуна 1 саат убакыт талап кылынат, 1 авто клавка 2ден чака салынат, 30 минутада зыянсыздандырылат, 1 күндө 2 автоклавда биригип 26 чака чыкканга жетишет, жеке менчик медициналык мекемелерден келген мед. Калдыктарды автоклавдоо үчүн убакыт жетпейт. Автоклавер 1,5 ставкада иштейт, 1 саат кетет, 1 күндүк жумушта 7 жолу автоклавдоого мүмкүнчүлүк болот. Ал эми мед. Калдыктар чогултулган тележка жалпы таштандыларды таштоочу жайга алып барылып ташталат.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагында менчигинин түрүнө карабастан медициналык калдыктарды атайын жайларга алып чыгууда, калдыктарды араба менен шаар аралап ачык алынып чыгууга тыюу салынсын.
-Калдыктардын жок кылынуусунда эрежелер толук сакталуусу эскертилсин;
-Борборлоштурулуп чыгарылып жаткан калдыктардын көлөмү жана атайын жайлардын абалы маал-маалы менен көзөмөлдөн өткөрүлүп турулсун
2.Баткен шаарында муниципалдык атайын медициналык калдыктарды жок кылуу жайын ачуу иш-аракеттерин жүргүзүү Баткен шаарынын мэрине /И.Бурканов/ сунушталсын.
3.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жанаа инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссияга /Абдинаби у С/ тапшырылсын
Төрага | А.Аширов |