Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 22
Баткен шаарынын Р-4 каналынын күн чыгыш тарабындагы №733, №679 контурлардагы 3,0 га жер аянтын Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменттин кармагына алууга жана аукцион аркылуу сатылууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 19-беренесине, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 20-февралындагы №01-12/790 катына, шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 21-февралындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Р-4 каналынын күн чыгыш тарабындагы №733, №679 контурлардагы 3,0 га жер аянттарын Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменттин кармагына алууга макулдук берилсин
2.Аталган жер аянты белгиленген тартипте аукцион аркылуу сатылууга макулдук берилсин
3.Аталган жер аянттарын кабыл алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
5.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |