Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 29
Баткен шаарынын Келечек аймагындагы борбордук стадиондун ичинде жайгашкан эски спорт залды Баткен шаарынын мэриясынын карамагына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 19-беренесине, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 20-февралындагы №01-12/789 катына , шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 21-февралындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Келечек аймагындагы борбордук стадиондун ичинде жайгашкан 464,57 м2 аянттагы эски спорт зал, Баткен шаарынын мэриясынын карамагына кабыл алууга макулдук берилсин
2. Спорт залды кабыл алууга тиешелүү иш кагаздарын жасоо Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу
Төрага | А.Аширов |