Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 32
Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан “Айыл чарба” категориясындагы 9,92 га жер аянтын “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга
(трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 24-февралындагы №01-7/841 катына, шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 21-февралындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан “Айыл чарба” категориясынын таштуу жайыт түрүндөгү жер аянтынын №819-контурунда жайгашкан 0,20 га, №1253-контурунда жайгашкан 0,42 га, №820-контурунда жайгашкан 5,12 га, №821ч-контурунда жайгашкан 3,58 га №821-контурунда жайгашкан 0,60 га, жалпы 9,92га жер аянтына Баткен шаарынын борбордук стадиондун жаңы имаратын куруу үчүн “Калктуу конуштун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кошумча бөлүнүп берилүүчү жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Буркановго/ тапшырылсын.
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
4. Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |