Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 34
Шаардын борбордук ички М.Нургазыев, Т.Садыков, Сайдиман Ажы, М.Салихов, Ж.Бөкөнбаев, О.Абдрахманов жана көчөлөрүнө “3,27 белгисиндеги тыюу салуу” жол белгилерин орнотууга жана акы төлөнүүчү унаа токтоочу жайын пилоттук түрдө түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 24-январындагы №01-12/328 катынын жана шаардык Кеңештин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-январдагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IVсессиясы Токтом кылат:
1.Шаардын борбордук ички М.Нургазыев, Т.Садыков, Сайдиман Ажы, М.Салихов, Ж.Бөкөнбаев, О.Абдрахманов көчөлөрүнүн оң тарабына (түндүктөн -түштүктү, батыштан-чыгышты карай) “3,27 белгисиндеги тыюу салуу” жол белгилерин орнотууга жана акы төлөнүүчү унаа токтоочу жайын пилоттук негизде түзүүгө макулдук берилсин.
2.Шаардын ички көчөлөрүнө жол эрежелерине ылайык “тыю салуу белгисин” жана “акы төлөнүүчү жайы” белгилерин орнотуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Аталган көчөлөрдүн белгиленген жерлеринде “Акы төлөнүүчү жайларга”
– 1 саатка -20 сом,
-бир күнгө 200 сом бекитилсин
4. Атайын жайларга төлөм акыларын жүргүзүү эрежеге ылайык иш-аракеттерин жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
5.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |