Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры №8/II
Нурманбет айыл аймагында А. Токтоналиев айылында жайгашкан
күнүмдүк жɵнгɵ салуучу (БСР) бассейинди айыл ɵкмɵтүнүн балансынан
мамлекеттик менчигине алып, суу ресурстары кызматынын карамагына
ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ
Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын башчысынын Дж.К. Сазановдун 2023-жылдын 11-сентябырындагы №03-94 сандуу номери менен келген катын карап чыгып, Нурманбет айылдык кенешинин депутатары белгилешти, вегетация маалына сууну. сапаттуу камсыздоо жана дыйкан чарбаларга сууну жеткирүү максатында айыл аймагында жайт ашкан күнүмдүк жɵнгɵ салуучу (БСР) бассейиндерди капиталдык жумуштарды жүргүзүүнү талап кылынууда, анткени Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынына 27-беренесинин ондоо жана тазалоо иштерине акча каражат каралбайт, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39- беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кенешинин сессиясы
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагында А. Токтоналиев айылында жайгашкан күнүмдүк жɵнгɵ салуучу (БСР) бассейинди айыл ɵкмɵтүнүн балансынан мамлекеттик менчигине алып, суу ресурстары кызматынын карамагына ɵткɵрүлүп берилсин, анткени тийиштүү объектердин ондоо жана тазалоо иштери мамлекеттик каражаттан кылынууда.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |