Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры №10/II
Каржы каражаттарды жылдыруу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүмүнүн башчысынын А.А. Уметалиевдин «3111-берененин турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнөн акча каражаттарынын башка беренелерге жылдыруу жөнүндө» маалыматын карап чыгып, талкуулап, айылдык кеңештин депутаттары белгилешти. Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө байланыштуу турак жай коммуналдык бөлүмүндө 2 930 289 сом пайдаланылбаган каражаты калган, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. 3111-берененин турак жай-коммуналдык чарба бɵлүмүнүн 2 930 289 сом акча каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында тɵмɵнкү иш-чарага жумшалып жылдырылсын:
- 3112-беренесине Ысык-Ата өнүктүрүү фондунун салымына мектептер үчүн интерактивдүү доскаларды сатып алууга - 580 589 сом;
- 2222-беренесине тиричилик китебин сатып алуу үчүн - 35 000 сом;
- 2222-беренесине айыл өкмөтүнүн балансындагы социалдык объектилерге акылдуу эсептегичтерди орнотууга -112000 сом;
- 2215- беренесине иттерди атуу үчүн – 40 000 сом;
- 3112- беренесине видеокөзөмөл орнотуу үчүн – 118 700 сом;
- 2215-беренесине иштин аяктагандыгы жөнүндө акт боюнча баалоочуга төлөө үчүн - 90 000 сом;
- 3111-беренесине тез жардам унаасынын гаражынын дарбазаларын орнотуу үчүн - 100 000 сом;
- 2823-беренесине «Эпкин Суу» СПАнын кредитордук карызын жабууга - 154 000 сом;
- 2512-беренесине «Нурманбет биримдиги» муниципалдык ишканасына субсидия бөлүүгө - 1 700 000 сом;
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүмүнүн башчысына А.А. Уметалиевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |