Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры №11/II
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2024-жылдын башында бюджетинин бош
калган акча каражатын кароо жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүмүнүн башчысынын А.А. Уметалиевдин «Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 2024-жылдын башында бюджетинин бош калган акча каражатын кароо жөнүндө» маалыматын карап чыгып, талкуулап, айылдык кеңештин депутаттары белгилешти киреше бɵлүгү жылдын башында ашыкча каражаты 123 600 сом ɵлчɵмүндɵ калган, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. 2024-жылдын башында бош калган каражаттан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Ата филиалына келишимге ылайык кызмат кɵрсɵтүлɵр үчүн 2215-беренесинен – 123 600 сом акча каражаты бɵлүнсүн.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүмүнүн башчысына А.А. Уметалиевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |