Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXXI чакырылышынын
кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 30-декабрындагы № 31/4-1
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №388/1 Буйругу жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 20-декабрындагы №01-8-2720 Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.Сатаровдун сунушунун негизинде, шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк,укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-декабрындагы отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы малыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо территориядагы имараттардын,курулмадагы фасадынын тышкы көрүнүшүн жалпы жобосу алымча-кошумчасы менен бекитилсин.(тиркелет)
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков